Биз менен байланышыңыз

Эртең Кыргызстандын бардык аймагында ишембилик өтөт

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 458 | 0

21-сентябрь — Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстандын бардык аймактарында ишембилик өтөт.  Бул өнөктүктү «Жасайлы!» дүйнөлүк кыймылынын Кыргызстандагы расмий өнөктөшү «Эко Деми» коомдук фонду уюштуруп жатат. Анда өлкөнүн бардык аймактарында тазалоо иштери жүрөт. Борбор калаабыздын эс алуу жайлары, Ботаникалык бак, Түштүк магистраль ж.б. коомдук жайлар таштандыдан арылат. Иш-чара саат 9да башталат. Каалоочулар демилгени колдоо иретинде жардамга келсе болот.

Белгилей кетсек, «Дүйнөлүк тазалык күнү-2019» датасына арналган өнөктүккө даярдануу бир нече ай жүргүзүлгөн, анын ичинде фонд өнөктөштөрдүн жана волонтерлордун жардамы менен бардык облустарда жума сайын ишембиликтерди өткөрүп келген, көйгөйлүү зоналарды аныктап, муниципалдык органдар менен иш алып барган.

2018-жылкы өнөктүккө өлкө боюнча 400 миңден ашуун адам катышкан. Бул өлкөнүн ишке жарамдуу катмарынын 11,42%ын түзөт. Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн көрүнүш катары эсептелип, дүйнөлүк кыймылдын уюштуруучулары тарабынан Таллинде белгиленген. Кыргызстан калктын үлүшүнө карата өнөктүктүн катышуучуларынын саны боюнча эң активдүү жети мүчө-мамлекеттин катарына кирген эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM