Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев акыйкатчыны сындады(видео)

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 643 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын-алуу боюнча Улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын угуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев акыйкатчы Токон Мамытовду сынга алды. Анда Кыргызстан кыйын кырдаалда турганда, акыйкатчынын үнү угулбай, көп маселелер көз жазымда калып жатканын айтты. Акаев ошондой эле Мамытовдун карапайым калктын акыйкатчылыгын көздөгөн акыйкатчы эмес, бийликчил акыйкатчы экенин жашырган жок.

— Бүгүнкү күндө элдин ИИМге, сотко жана укук коргоо органдарына болгон ишеними жок. Карапайым калктын көйгөйүн көтөрүүдө, акыйкатчы чече турган маселеде сиздин үнүңүздү укпай жатабыз. Эл кимге, каерге барып акыйкат издээрин билбей калды. Кимге ишенерин да билбейт. Мындай учурда сиз эл менен иштешип, кадам ташташыңыз керек эле. Бирок сиз бийликтин гана акыйкатчысы болуп жатасыз. Бүгүнкү күндө министрлер, жадагалса, премьер-министрлер, саясатчылар да өзүлөрүнүн укугун коргой албай жатат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM