Биз менен байланышыңыз

Министрлик социалдык жөлөк пулдарды алууну жөнөкөйлөттү

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 447 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги көрсөткөн кызматтарынын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу, «Акчалай компенсациялар», «Ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул», иш менен камсыз кылуу жана жумуш издөө, кыска мөөнөттүү окутуу курстары тууралуу эми министрликтин сайтынан үйдө отуруп эле маалымат алууга болот.

Буга чейин «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуу үчүн жарандар райондун борборуна барып, кезек күтүп жана бир нече кыйынчылыктар менен маалымат алышчу. Азыр, «электрондук калькулятор» аркылуу эле үйүндө өзүнүн кирешесин санап, министрлик тарабынан берилүүчү жөлөк пулдун чегерилиши же чегерилбеши тууралуу убарагерчилиги жок, алдын ала маалымат билсе болот. Жарандардын муктаждыктарын жеӊилдетүү максатында министрлик ушундай шарт түзүп берген.

Жогорудагы маалымат тууралуу министрлик эртең журналисттер жана коомчулук үчүн атайын презентация уюштурат.

Copyright © 2017 Maral FM