Биз менен байланышыңыз

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасынан жаракат алгандардан кабар алышты (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 1049 | 0

Учурда чек арадагы ок атышуудан жаракат алгандардын үчөөнүн абалы оор бойдон калууда. Дагы үч жаранга операция жасалып жатат. Бир жарандын абалы орто экендиги белгилүү болду. Жаракат алгандарга мамлекеттик жардамдар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

Эл өкүлдөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан каза тапкан жарандын үй бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтышып, эл уулу Ата Мекенди коргоодо эрдик көрсөткөнүн баса белгилеп, материалдык жардам көрсөтүштү. Мындан ары да мамлекет тарабынан колдоо болорун билдиришти.

Эске салсак, бүгүн таң эрте Жогорку Кеңештин төрагасынын чечими менен депутаттар Мирлан Бакиров, Төрөбай Закир уулу, Талант Мамытов, Таабалды Тиллаев жана төраганын орун басары Аида Касымалиева Баткендеги окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM