Биз менен байланышыңыз

Президент чек арадагы кырдаалды курчутпоого чакырды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 718 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Мамлекет башчы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын белгиледи.

Өлкө башчыга ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону айтылды. Ал мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Ошондой эле, кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM