Биз менен байланышыңыз

Өкмөт чек араны коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 854 | 0

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев курал колдонуунун натыйжасында Кыргызстандын бир чек ара кызматкери каза тапкан чек ара окуясы болуп өткөн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса көрсөтүп, мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, кыргыз тарап буга чейин мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларды катуу карманат жана чек ара маселелерин кароодо конструктивдүү мамилелерди колдойт.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул иш улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен жүзөгө ашырылышы керек.

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырган Премьер-министр өз ара ишеним, буга чейин жетишилген макулдашууларды милдеттүү түрдө аткаруу жана эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынган шартта гана чек ара маселесин оң жагына чечүүгө жетишсе болорун белгиледи.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат.

Премьер-министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине чек ара окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM