Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: «Салихов биздин кызыкчылыкты коргогон эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 504 | 0

Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында жол жээгине шагыл төгүлүп жатканда жергиликтүү бийлик да, Чек ара кызматы да көңүл бурбай, кайдыгер мамиле жасады. Бул тууралуу Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тажик тараптын уюшкан кылмыштуу тобу Жака-Өрүк аймагында соода кылып жаткан кыргыз жарандарын кууп кирген. Бул маселе боюнча кайрылган жергиликтүү элди өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов кабыл алган. Бирок кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон эмес.

«Ал кишинин маалыматы болгон эмеспи, же карта боюнча кызыкчылыгы жокпу, айтор биздин кызыкчылыкты коргогон эмес. Кеңеш Каримович «жер биздики эмес» деген соң, шагыл төгүлүп жатат. Ал Ош-Исфана жолуна төгүлдү. 275 м жол такталбаган жер эмес, Кыргызстандын мыйзамдуу жери», — дейт Бөрүбаев.

Ал белгилегендей, Кеңеш Салихов жергиликтүү эл менен Ак-Татыр айыл өкмөтүндө жолугуп, сүйлөшөрүн убадалаган. Бирок айтылган күнү келген эмес.

«Ал келбей койгон соң, Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаттары өкүл кылып мени жөнөттү. Баткенде 2 жерде бир мезгилде шагыл төгүлүүдө. Мындайда «Чек ара кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүү жүрүп, тажик тараптын кызыкчылыгын коргогон адамдар болгонбу?» — деген ой жаралат», — дейт Бөрүбаев.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Ошондой эле, Лейлек районунун Максат айылында такталбаган чек ара аймагына тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап курулуш ишин токтотууну талап кылган.

15-сентябрда Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаев Баткенге барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM