Биз менен байланышыңыз

Исматилла Атамкуловдун жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өттү

Кыска кабар | 14 Сен 2019 | 475 | 0

Ош шаарында сүрөтчү, педагог Исматилла Атамкуловдун жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өттү.

Кечээ, 13-сентябрь күнү Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Исматилла Атамкулов эскерилди. Анын алкагында сүрөтчүнүн 1981-2016-жылдары тарткан сүрөттөрү алгачкы жолу көргөзмөгө коюлду. Буга чейин сүрөтчүнүн чыгармаларын анын үй-бүлөсү сактап келген. Иш-чарага маркум И.Атамкуловдун санаалаштары, достору жана туугандары катышты.

Исматилла Атамкулов 1958-жылы 12-октябрда Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. 1982-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. 1998-жылы Улуттук академиянын алдындагы Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп-интернатында иштеп баштаган. Ал 2016-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Сүрөтчүнүн кызы Үмүт Атамкулова атасы тирүү кезинде сүрөттөрүн көргөзмөгө коюуну көздөп, бирок максатын ишке ашыра албай калганын билдирди.

«Атам дүйнөлүк адабияттарды көп окучу. Айрыкча улуу инсандардын өмүр таржымалын окуганды жакшы көрчү. Көргөзмөгө атам өмүрүнүн акырына чейин тарткан 80ден ашык сүрөттүн ичинен 70тен ашыгы коюлду. Демилгени өзүбүз көтөрүп, иш-чараны Ош облустук көркөм сүрөт музейинин жардамы менен өткөрдүк. Атамдын көзү тирүүсүндө аткара албай калган ишин биз кылып жатабыз», — деди Үмүт Атамкулова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM