Биз менен байланышыңыз

Лунара Мамытова: Журналисттер этиканы сактагыла

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 1046 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова Твиттер баракчасына мугалимдин тапкан акчасын эсептеп чыгарган.

«Мага башталгыч класстарда эки классы бар мугалимдин болжолдуу кирешесин эсептеп беришти. Кошумча сабактарды күндө өтөт, ар бирөөнөн 300 сомдон алат. Орточо эсеп менен 20 окуучунуку бир күндө 6000 сом болот. Бул айлык жашоо минимумунан көп»,- деп жазган. 

Бирок, Мамытованын бул пикири коомдо катуу талкуу жаратты. Мамытова өзү айткандары коомчулукка туура эмес жеткенин, бурмаланганын айтууда.

«Журналисттик этиканы сактагыла. Силер бейтарап маалымат беришиңер керек. Менин сөзүмдү туура эмес түшүнүптүрсүңөр, маани берип окусаңар.  Мен өзүм мугалимдин кызы катары, окутуучу канча айлык аларын билем «, — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM