Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Кыргызстан АКШ менен келишим түзүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Сен 2019 | 368 | 0

Кыргызстан тышкы саясат боюнча концепцияны ишке ашырбаса, дүйнөлүк процесстерден четте калат. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосунда «Дүйнө дүбүртү» программасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан кайсы мамлекет болбосун, кызматташуудан баш тартпашы керек. 2015-жылы АКШ менен Кыргызстандын ортосунда пайда болгон боштук бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

АКШ — дүйнөдөгү ири мамлекеттердин бири. Мындан улам башка өлкөлөр АКШ менен өз кызыкчылыгын талкуулап, ишке ашыруунун үстүндө. Андыктан, Кыргызстан да өз кызыкчылыгын көздөп АКШ менен келишим түзүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM