Биз менен байланышыңыз

Исаков: ОшМУда коррупция жок деп кескин айтууга мүмкүн эмес

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 603 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап жатат. Аны эл өкүлдөрүнө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Буга чейин  Жогорку Кеңештин эки комитети Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырган.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев Каныбек Исаков жетектеген ОшМУда коррупция барбы? — деген суроо койду. Ага министрлик кызматка талапкер төмөнкүчө жооп берди:

— Коррупция таптакыр жок деп кескин түрдө айтууга мүмкүн эмес. Бирок жаңы механизмдерди колдонуу менен коррупциянын деңгээлин бир топ төмөндөттүк. 

Билим берүү жана илим министрлигин буга чейин Гүлмира Кудайбердиева жетектеген. Ал сентябрдын башында кызматтан алынган.

Каныбек Исаков буга чейин ОшМУнун ректору болуп иштеп келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM