Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Москва шаарынын күндөрү өтөт

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 451 | 0

11-14-сентябрь аралыгында Бишкекте Москва шаарынын күндөрү өтөт. Аталган эки шаардын жетекчилигинин ортосундагы келишимдин негизинде Бишкекке Москвадан расмий делегация келет. Анын алкагында калаада бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тургун Токтогул уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Москванын чыгармачыл тобу концерт берет.

«Концертке чакыруу билеттери таратылат. Ал үчүн Бишкек мэриясы жана Орусиянын элчилиги тарабынан тизме даярдалган. Билеттер тизмеге жараша таратылат», — дейт Тургун Токтогул уулу.

Мындан сырткары 14-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында башталгыч класстын окуучулары жана жаш балдар үчүн спектакль коюлат. Иш-чара күндүзгү саат 10:30да башталат. Кирүү акысыз.

Москва күндөрүнүн алкагында эки шаардын тиешелүү органдарынын жетекчилери соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий байланыштар, ошондой эле кызматташуунун жолдорун талкуулашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM