Биз менен байланышыңыз

Суусамырда 5 миң гектар аянттагы арпа кар астында калды

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 734 | 0

Суусамырга кар түшүп, дыйкандардын 5 миң гектар аянттагы арпасы кар астында калды. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Конушбаев комитет жыйынында айтып чыкты.

Өкмөт буга карата чара көрбөй жатканына депутат тынчсызданды. Дыйкандар бул боюнча акимчиликке, Өкмөттүн өкүлүнө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышканын, эч бир тараптан жардам, аракет болбогонун депутат айтат.

«5 миң гектар аянттагы арпа — бул, чоң көлөм. Дыйкандардын айрымдары насыя, карыз акча алып, мал-мүлкүн сатып эгин эгишкен. Буга карата чаралар көрүлүп, абалдан чыгуунун жолу каралышы керек», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM