Биз менен байланышыңыз

«Милицияларда жергиликтүү бийлик менен байланыш жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2019 | 432 | 0

Милицияларда жергиликтүү башкаруу органдары менен байланыш жок. Андыктан, эл менен жергиликтүү башкаруу органдары өзүнчө бийлик. Ал эми борбордук бийлик эч нерсеге жооп бербейт, реформа жасабайт, сурамжылоо да жүргүзбөйт. Мындай пикирин укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ИИМге кеткен каражатты инвентаризациялоо зарыл.

«Укук коргоо кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен маяна алганы менен хан сарайларда жашайт, 60тан ашуун алтын саат… жыргап жашап жүрүшөт. Милициялар 15 жыл иштеген соң, Социалдык фондго каражат төлөбөйт. 14 жыл иштеп кызматтан кеткен милиция пенсиялык камсыздандырууга илинбей калат.  Мындайда милицияны колдоп жатабызбы же кордоп жатабызбы деген маселе туулат», — дейт Карасартова.

Ал кошумчалагандай, милициялардын билим денгээлин жогорулатуу үчүн аларды аттестациядан өткөрүп туруу зарыл. Ал үчүн ИИМдин академиясын милициялардын квалификациясын жогорулатуучу окуу жайга өзгөртүш керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM