Биз менен байланышыңыз

Мадылбеков: Жунушалиевдин ИИМде реформа жасоого мүмкүнчүлүгү жетпейт

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2019 | 799 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кесипкөй инсан, бирок ИИМде толук реформа жасап, тазаланууга барууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ИИМге жарандык коомдун өкүлү келсе, мекеменин ишмердигин түшүнүү үчүн эле 1 жыл коротот. Андыктан ар бир министрликти кесипкөй адам жетектеши керек. Анткени, ар бир нерсени өзөгүнө чейин түшүнгөн адам гана ири реформаларды жасай алат.

Мадылбеков ар бир жетекчи реформаны кайра уюштуруу (реорганизация) катары пайдаланып жатканын белгилеп, сынга алды. Ошондой эле реформа жалпы укук коргоо органдарын бирдей өзгөртүшү зарыл экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2018-жылы ИИМде 260 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Мындан сырткары 150дөн ашуун кызматкер тартип бузуулардын айынан кызматтан четтетилген.

Copyright © 2017 Maral FM