Connect with us

«Төбөсү көрүнгөн саясатчылар «Маралдын» эфиринде сүйлөөгө куштар»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Сен 2019 | 999 | 0

«Марал» радиосунда калыс сөздөр айтылып, баарына бирдей мамиле жасалат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн адамдар, саясатчылар «Маралдын» эфиринде сүйлөөгө куштар. Радио жакшы саамалыктарга бай.

«Саясатчыларды саясатчы катары эмес, адам катары да таанытып келе жатасыңар. «Марал» радиосу объективдүүлүк жагынан — Кыргызстандагы экинин бири. Угармандардын, саясатчылардын «Маралга» болгон сый-урматы жетиштүү болчу. Калыстыктан танбасак эл ар дайым көрөт, элден өткөн тараза жок. Ылайым, ушул калыбыңардан жазбагыла. Изденген жамаатсыңар, изденүүлөр улана берсин. Чыгармачылык ийгилик каалайм», — дейт Турсунбеков.

Ал мындан сырткары, Кыргызстан үчүн объективдүү журналистика аба менен суудай керек экенин кошумчалады.

Марал радиосужаңысезонду #жаңы_студияда өзгөчө дата (09.09.19) менен баштадык#Атайын_чыгарылыш Internews in Kyrgyzstanдын директору Elina Karakulova менен медиа эксперт Azamat Tynaev "Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа рыноктун абалы тууралуу талкуулашууда. 09:00дөн саат 12ге чейинсаясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү биздин жаңы студиябызда конокто. Мунун баарын биздин социалдык тармактар аркылуу #түз эфирден көрө_аласыздарАл эми бизди онлайн угуу http://maralfm.kg/radio/FM:⤵⤵⤵🇰🇬Бишкек 88.5🇰🇬Ош,Жалал-Абад 95.3🇰🇬Каракол 105.5🇰🇬 Талас 106.1🇰🇬 Нарын 106.3🇰🇬 Баткен 105#maralfmkg #маралфм #радиомарал #маралтүзэфир #жаңы_студия #интерньюс #кыргызстан #бишкек #ош #жалалабад

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 8 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM