Биз менен байланышыңыз

Тынаев: Интерньюстун кызыкчылыгы — кыргыз журналистикасын өнүктүрүү

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 1074 | 0

Интерньюстун негизги максаты жөн эле окутуп, акча таратып, техникалык жардам көрсөтүү эмес. Эң негизги максатыбыз: журналисттеринин аң-сезимин өзгөртүү. Мындай пикирин Эл аралык «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн контент боюнча кеңешчиси, белгилүү журналист Азамат Тынаев «Марал» радиосуна берген маегинде.

Азамат Тынаев ошондой эле «Интерньюстун» негизги кызыкчылыгы кыргыз журналистикасын өнүктүрүү экендигин белгиледи.

«Эгерде сен кечээки күндүн стандарттары менен иштесең, эртеңки күндө окурман, угарман, көрөрмандарыңа жөн эле керегиң жок болуп калат. Ошондуктан баарыбыз бирдиктүү болуп, журналистиканын миссиясын, сапатын, деңгээлин өзгөртпөсөк, маалымат майданы эчак эле глобалдашып кеткен. Биринчи биздин кызыкчылыгыбыз өзүбүздүн ички кыргыз журналистикасын өнүктүрүү», — деди Азамат Тынаев.

Copyright © 2017 Maral FM