Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин президенттик «100 күнү» кандай өттү?

Дүйнө | 2 Сен 2019 | 863 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин президенттик кызматка киришкенине 100 күндөн ашты. Ал  «1+1» телеканалына ушул 100 күнү кандай өткөнү тууралуу маек берди. Төмөндө Зеленскийдин маегиндеги эң урунттуу учурларды тизмектеп беребиз:

 «Социалдык тармактагы баракчама жардамчыларым эмес,  өзүм пост  жазам…»

Зеленский социалдык тармактардагы баракчаларына ким пост жазат деген суроого, “өзүм жазамын”-деп жооп берди. Ошондой эле, аялыңыз менен кайсы маселелерде кеңешесиз:-деген суроого “Мен өтө татаал маселелерде аны менен кеңешем. Ал өтө акылдуу аял. Адамга ар дайым чындыкты бетке айтып турган дос керек”-деп жооп узаткан.

«Апам азыр да күнүнө үч ирет телефон чалат»

“Мен кайсы кызматта иштебейин, апам үчүн ар дайым бала болуп кала берем. Апам мурда да күнүнө үч жолу телефон чалып турчу. Азыр да бул адатын таштаган жок (күлүп). Атам менен да бат-баттан сүйлөшө турган болдум. Ал мага буга чейин айтпаган кеңештерин айтып, өтө татаал маселелерде да өз пикирин билдирип турат”.

 «Өмүрүмө коркунуч жаралууда, бирок кимден экенин айта албайм»

Сюжетте Зеленскийдин үйүндөгү маек токтоп, калганы жолдо уланат. Унаа менен кетип бараткан Зеленскийге  маектеши “Эмнеге сизди велосипед менен көрбөй жатабыз?”-деп сураган. Анын жообу: “Кыйын суроо. Мен буга аракет кылдым, бирок уруксат беришкен жок. Азырынча чындап менин өмүрүмө коркунуч бар…Кимден экенин айтпайм, бирок коркунуч жаралганы чын. Айрым учурда буга өзүм да күбө болдум”.

Ошондой эле Зеленский президенттик кортеж үчүн жолдор жабылбай турганын да айтты. Мындан сырткары президенттин учагын эмнеге сатпай жатканы тууралуу да токтолуп: “Мен бара турган кээ бир жерлерге рейстер жок. Мындан улам “№1 борт” президенттик кызматты аткаруу үчүн керек”.

 «Путин менен эч кандай байланышым жок»

Зеленскийдан Путин тууралуу: “Менин Путин менен эч кандай жеке байланышым жок. Аны менен алгачкы телефон аркылуу сүйлөшүүбүз жарым сааттай болду. Украиналык деңизчилерди бошотуп алуу боюнча талкууладык. Албетте, алгач таанышып, андан кийин ал өзүндө болгон маалыматтар менен, мен өзүмдөгү маалыматтар тууралуу айттым. Кийинкисинде Донбасстагы ок атышууларды токтотуу боюнча сүйлөштүк. Бирок өзүңүздөр билгендей, Донбасста эмнелер гана болуп жатат. Эмки жолугушуу аны менен бетме-бет болот”.

 «Ишениңиз, уурулук азайды»

Зеленскийдин пикиринде мамлекеттин ИДПсы коррупциянын азайганына улам өскөн. “Ишене бериңиз, алар корко баштады. Чек арадагы контрабанда бир канча эсе кыскарды. Контрабандалык товарларды алып келгендер, аны каерге сатарын билбей жүрүшөт. Салык жана бажыдагы реформаларды тездетип, аткезчиликке чекит коебуз. Бул иштер ушул жылдын аягына чейин аткарылышы керек”.

 «Баары күзүндө башталат»

Зеленский шайлоо кампаниясы учурунда коррупцияга аралашкандарды жазалоо тууралуу айткан эле. Анын айтымында жакында баары башталат. “Күздө баштайбыз. Бул үчүн бизге жаңы башкы прокурор керек. Коррупцияга каршы сот 5-сентябрда өз ишин баштайт”.

“Мындан ары актер эмесмин!”

Зеленский өзүнүн “Слуга народа” сериалындагы ролу менен чыныгы президенттик кызматты салыштырып жатып, “Мындан ары актер эмесмин!”-деп кесе айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM