Биз менен байланышыңыз

Алар-Арча эс алуу жайындагы өрт толук өчүрүлдү

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 470 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда саат 13:03тө Алар-Арча эс алуу жайындагы өрттү толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

31-август күнү Ала-Арча эс алуу жайында тоонун боорунда жана чокусунда арча, бадал өсүмдүктөрүнөн жана куураган чөптөн өрт чыгып, болжол менен 30 гектар күйгөн.

Жеринде ӨКМнин КДМБдан 30 куткаруучу жана Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнөн 10 куткаруучу нөөмөткө калып, ал эми калган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM