Биз менен байланышыңыз

Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 уюмунда жеңишке жетти

Кыска кабар , Спорт | 31 Авг 2019 | 461 | 0

Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 уюмунда кезектеги беттешин өткөрдү. Кыргызстандык мушкер 30-августта Орусиянын Оренбург шаарында өткөн M-1 Challenge 104 турниринде, Украиналык Андрей Лежневке каршы беттешке чыккан.

3 раундка созулган беттештин жыйынтыгында Абдибаит уулу калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.

Бусурманкул Абдибаит уулу жеңил салмакта мушташат. Бул дивизиондо M-1 уюмунун чемпиондук куру бош. Мындан улам кыргыз мушкери кийинки беттешин “чемпион” наамы үчүн өткөрөрү толук мүмкүн.

Ошондой эле, беттештен кийинки сөзүндө Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук беттешке даяр экенин айтып, кыргызстандыктарды  Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM