Биз менен байланышыңыз

Ош облусу 2023-жылы толугу менен таза суу менен камсыз болот

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 631 | 0

Ош облусунда 493 айылдын ичинен 117де таза суу жок. Бул тууралуу Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, элди таза суу менен камсыз кылуу иштери Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги жана АРИС аркылуу активдүү түрдө жүрүүдө. 2018-жылы 8 айыл ичүүчү суу менен камсыз болгон.

Кара-Кочкор айылында сыноо иретинде жүргүзүлүп жаткан долбоор тууралуу айта кетейин. Ал жакта 500 түтүн таза суу менен камсыз болду. 1 метр куб сууга 35 сом төлөнөт. Бирок, ал баа бул аймак үчүн кымбат эмес. Анткени, биз ал үйлөргө шарт түзүп, муздак жана ысык суу кошуп бердик. Атьалган айылда санарип технологиялары иштеп, эсептегичтеги маалыматтар GPS аркылуу борборго түшүп турат. Мындай системаны баардык облуска жайылтуу пландалууда”, — деди Жылкыбаев.

Мындан сырткары ал Ош облусу 2023-жылга чейин толугу менен таза суу менен камсыз боло турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM