Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада сел жүрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 533 | 0

Нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарындагы Совет жана Колесников көчөлөрүндө 15 үй, 6 кафе, 5 дүкөн жана 2 банктын короосун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, жерине куткаруучулар, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери барып жаандын кесепеттин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM