Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 1-октябрдан мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 1525 | 0

«Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт» -деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу август педагогикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө.

Өкмөт башчы педагогдорго жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине салам жолдоп, аларды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилинен куттуктады. Ал билим берүү тармагынын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча көз караштары менен бөлүшүү мүмкүндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү Өкмөттүн алдына артыкчылыктуу милдет кылып койгон.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы мугалимдерге чыгармачыл ийгиликтерди, алардын түйшүктүү ишинде жаңы дем жана шыктанууну каалап өттү.

Copyright © 2017 Maral FM