Биз менен байланышыңыз

«Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз!» аталышта иш-чара өтүүдө

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 745 | 0

Ушу тапта Бишкекте «Китепкөй Ала-Тоо» өнөктүгүнүн алкагында «Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз!» аталышындагы иш-чара өтүп жатат.

Жеринен кабарчыбыз маалымдагандай, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма-театрында иш чаранын салтанаттуу бөлүгү өтүп, концерттик программа, акыл өстүрүүгө багытталган иш чаралар менен коштолууда.

Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси Назаркул Ишекеев иш чараны ачып жатып «китеп — билимдин шумкары, илимдин дулдулу. Китеп аналитикалык ой жүгүртүүнүн бүркүтү», — деп белгиледи.

Ал өз сөзүндө улуттук баалуулуктарды күчөтүү зарылчылыгын белгиледи. Көркөм адабият рухий дүйнөнүн гармониясын сактап турганын айтып, китеп окууга, материалдык байлыктын кулу болбоого чакырды.

Иш-чаранын спикерлери Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жана белгилүү акын Мирлан Самыйкожо болууда.

Иш чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен «Бир адамдан — бир китеп» долбоорунун уюштуруучулары тарабынан колго алынган.

Иш-чаранын биринчи бөлүгү семинар менен башталып, экинчи бөлүгү «Ала-Тоо» аянтында китеп окуу өнөктүгү менен уланмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM