Биз менен байланышыңыз

Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Кыска кабар | 9 Авг 2019 | 553 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соттун судьясы караган. Соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кечээ өз эрки менен күч органдарына колго түшүп берген Атамбаевди Улуттук коопсуздук комитетинде түнкү саат бирлерге чейин суракка алышкан.

Атамбаевге “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча шектүү катары айып коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM