Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев колго түшүп берди

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 652 | 0

Алмазбек Атамбаев үйүнө кирип барган ИИМдин кызматкерлерине багынып, колго түшүп берүүнү чечти. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. Анда мурдагы президент менен бирге аныын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева, ишенимдүү адамы Фарид Ниязовдор да бар экени айтылууда.

Бирок күч органдары бул боюнча расмий маалымат айта элек.

Багынып берүү боюнча сүйлөшүү көпкө созулганын, Атамбаев колго түшүп берүүнү чечкен. Бирок мурдагы президенттин тарапташтары Атамбаевди алып кетет турган унааны өткөрбөй жатканы, ок атылып жаткан айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM