Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова Кой-Ташта жабыркагандардан кабар алды

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 355 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кой-Таш айылында мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркагандардан кабар алды.

Өкмөттүн маалыматында, жабыр тарткан жарандарга квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү, зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, жабыркагандарга медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат, алар бардык керектүү дары каражаттары менен камсыздалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM