Биз менен байланышыңыз

Төрага Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырат

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 616 | 0

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулганы жатат. Бул тууралуу Парламенттин төрагасынын маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу фейсбукка жазды.

Ал төрага менен кабарлашканын, учурда кезексиз жыйынды өткөрүүнүн убактысы такталып жатканын билдирет.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин Регламентинин 77-беренесинин 3-пункту боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат. 40тан кем эмес депутат кол коюшу керек.

Copyright © 2017 Maral FM