Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов: Мындан ары эмне болорун эл чечет!

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 862 | 0

Учурда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү жарандар тарабынан курчоого алынган. Атамбаевдин жакын санаалашы Фарид Ниязов журналисттерге кыскача комментарий берип, Атамбаев үйдүн ичинде экенин билдирди.

Ал эми Атамбаев жана анын командасынын мындан аркы кадамы кандай болору тууралуу «Калганын эми эл чечет. Алар бизге карата мыйзамсыз иш-аракет көрдү»-деп билдирген Фарид Ниязов.

Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары учурда Бишкек тараптан үч унаада спецназдар келе жатканын айтышып, дарбаза тарапты коргоого бет алышты. Алардын колунда ок атуучу куралдары да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM