Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кыргызстан жана Орусия жаш лидерлери форумунун катышуучулары менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 752 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Орусия жаш лидерлери форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишенимин билдирди.

«Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр да кайталайм: Орусия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Орусия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент маектешүү учурунда өзүнүн жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы символикалуу экенин баса белгилеп, жаштардын өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташуу салттарын уланта турганына ишенимин билдирди.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков жаш лидерлерге ак жол, бекем ден соолук жана бак-таалай каалап, жаштык бир жолу келерин, ошондуктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өз долбоорлорун, пландарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жетишип калуу керек экенин эске салды.

Форумдун алкагында Кыргыз-орус өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн стартаптардын алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоп, 70 миллион сом бөлгөн.

Жолугушуунун соңунда бирге сүрөткө түшүп, форумдун катышуучулары Президентке символикалуу белектерди тапшырышты.

Жолугушууга Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да катышты.

Эске салсак, форум 25-июлда Бишкекте башталып, 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM