Биз менен байланышыңыз

89 жаштагы Лоримор вулкандык чокуну багынтып, дүйнөлүк рекорд жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 637 | 0

АКШнын тургуну Энн Лоримор 89 жашында Африкадагы Килиманжаро чокусуна чыгып дүйнөлүк рекорд орнотту.

Анын айтымында, чокуга чейин чыгып-түшүү үчүн 9 күн кеткен.

Чокуну багынткан улуу адамдардын рекордун башка айым ээлеп келген. Кийин ал рекорддук көрсөткүчтү эркек адам ээлеген. Муну уккандан кийин Лоримор андан өтүп, чокуну багынтып рекорд коюуну максат кылган.

Эми расмий түрдө Энн Лоримор Килиманжарону багынткан эң кары адам болуп саналат.

Килиманжаро – Африканын түндүк-чыгышындагы эң бийик вулкан болуп саналат. Ал деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктикте жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM