Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Бийлик баштаса, мунасага кадам таштаганга даярбыз

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 721 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Путин менен жолугушуусу боюнча үн катты. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Билдирүүдө Атамбаев менен Путин Кыргызстандагы кырдаал жана саясий туруктуулук боюнча сүйлөшкөнүн, бул үчүн тирешкен эки тарап тең мунасага умтулуусу керектиги айтылган.

«Пикир алышуу үчүн абдан зор мүмкүнчүлүк болду. Жогорку деңгээлдеги жолугушууну уюштургандарга ыраазымын. Орусия дагы бир жолу Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана досу экенин тастыктады. Бирок ички маселелерди биз өзүбүз чечебиз.

Азыркы бийлик укуктук талаага кайтып келиши керек. Оппоненттерине саясий куугунтук кылууну токтотуп, соттук иштерди кароодо өзүнүн объективдүүлүгүн көрсөтүшү абзел. Менин тарапташтарымдын шайлоого даярдык көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Путин да бул боюнча Жээнбеков менен сүйлөшүү ниетин билдирди. Жээнбеков ушундай кадамдарга барса, оппозициясынын пландары дароо өзгөрөт. Саясий чыңалуулар да басаңдайт. Биз дагы Кыргызстандын келечеги үчүн ага ынтызарбыз«, — деди Атамбаев.

Мурунку өлкө башчысы бийлик өлкө үчүн керектелген долбоорлор менен алектенсе, жан дили менен ага жардам берүүгө даяр экенин айткан.

«Ошондо гана Кыргызстандын жарандары президент Жээнбеков өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп жатканын көрөт. Ал эми оппозиция шайлоого даярданып, эл тынчтанып, саясий туруктуулук орнойт. Бул тууралуу Владимир Владимирович менен да сүйлөштүк. Биз 3-июлдагы митингде айткандай эле бийликтин конкреттүү кадамдарын сентябрга чейин күтөбүз«, — деп сөзүн жыйынтыктаган Атамбаев.

Атамбаев Москвага 24-июлда Канттагы авиабаза аркылуу учуп кеткен. Кийинчерээк ал Кремлде Орусиянын президенти Путин менен жолукканы белгилүү болду.

Алмазбек Атамбаев 25-июлда кечинде кайтып келерин билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев:"Это была хорошая возможность обменяться мнениями. Я благодарен за организацию…

Опубликовано Кундуз Жолдубаева Среда, 24 июля 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM