Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атамбаев сурак берүүгө өзү келет деп ойлойбуз

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 1502 | 1

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келгенден кийин Ички иштер министрлигине сурак берүүгө келет деп ойлойбуз. Мындай пикирин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ мыйзам боюнча Атамбаевдин өлкөдөн чыгуусуна жана өлкөгө кирүүсүнө тыюу сала албайт.

«Алмазбек Атамбаев күбө катары тергөө иш-чарасына катышууга тийиш. Бул — Жазык-процесстик кодекстин талабы. Мыйзам боюнча биз ага өлкөдөн чыгуусуна жана өлкөгө кирүүсүнө тыюу сала албайбыз. Ал кайтып келерин билдирип жатат. Келгенден кийин акыры укуктук талаага кирет, тагыраагы өзү сурак берүүгө келет деп ойлойбуз. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иш-чаралары тынымсыз улантылып жатат», – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев бүгүн саат 12:30дар чамасында Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM