Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди «алып кеткен» учак тууралуу кызыктуу фактылар [фото]

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 1684 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти. Анда ал орусиялык «РусДжет» авиакомпаниясынын жеке учагына отурду. Биз сиздерге мурдагы президентти Кыргызстандан алып чыгып кеткен бул учак жана авиакомпания тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

«РусДжет» — орусиялык авиакомпания. Ал ар кайсы багыттагы VIP-каттамдарды уюштуруу менен алектенет. Ошондой эле, бизнес-авиация жаатында да жүктөрдү жеткирүү үчүн өзүнүн бир катар аба кемелери бар.

Бул компания жаш экенине карабай, дүйнөнүн бардык бурчуна атайын каттамдарды уюштуруп келет. Учурда алардын базасында бизнес-класстагы 20 учак бар. Анда буюртмаларды аткаруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мурдагы президент Атамбаевди алып кетүүгө бүгүн Канттагы авиабазага Орусиянын өзүнүн «Сухой» заводу чыгарган «Суперджет 100-95Б» VIP классындагы учак келип конгон. Бул учак тууралуу «РусДжет» авиа компаниясынын сайтына киргенде, жөнөкөй рейсте 95 орунга ылайыкталган аба кемеси, VIP авиа ташуулар үчүн 18 адамга ыңгайлаштырылган. Ошондой эле атайын уктоочу бөлмөсү да бар.

Аталган компаниянын учактары «Внуково-3» аба майданында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM