Биз менен байланышыңыз

«Тажик жараны каза болду» деген маалымат тастыкталган жок»

Коом | 23 Июл 2019 | 946 | 0

Кечээ, 22-июлда кечки саат 17:20лар чамасында Тажикстандын Ворух айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай-Ворух жолуна желек орнотушкан. Ага Баткендин Ак-Сай айылынын калкы нааразычылык билдирип, ортодо кагылышуу чыгып, ал ок атышууга чейин жеткен. Тажик тараптан бир адам каза болду деген маалыматтар айтылууда. Кыргыз тараптан 14 адам жаракат алган, мунун ичинен бир милиция кызматкери жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Ак-Сай айылынын тургуну Камчыбек Баймуратовдун айтымында, учурда абал  туруктуу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан айылдын 300дөн ашык тургунун Баткен шаарындагы үч мектепке жайгаштырды, алардын көбү — кары-картаңдар, аялдар жана жаш балдар.

— Мен өзүм ошол жерде элем. Таш менен коюшкандар токтоп калган. Тажик тарап ок чыгара баштады. Бир убакта карасам, жанымдагы милиция кызматкерине ок тийиптир. Башкаларга да ок тийгенин байкадым. Биз тараптагы жергиликтүү тургундарда курал жок эле. Алардын жай тургундары ок атып жатса, бийлик өкүлдөрү токтотуп койгонго жараган жок. Булар мурунтан бери ушундай кылышат. Жалган маалымат таратып, «бир киши каза болду» дешкен, кийин ал такталган жок. 

«Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталары менен облус жетекчилиги, Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуяны дароо көзөмөлгө алды», — дейт Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев. Ошондой эле, азыркы тапта чек арага жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары гана көчүрүлгөнүн, калган жергиликтүү тургундар өз турак жайларында калганын билдирди. Ал эми кыргыз жарандары аткан октон тажик жараны каза болду деген маалымат жалган экенин айтты.

— Азыркы учурда жол жабык. Облус жетекчиси, аким элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Күч органдары иштеп жатат, абал тынч. Антсе да, кооптонуу бар.  Кечээ түнкү он экиге чейин ок атылып турду. Биз тараптан ок атылган жок. «Тажик тараптан бир адам өлдү» деген маалымат — 100 пайыз жалган.

Жергиликтүү элдин коопсуздугу жана эки өлкөнүн ортосундагы ынтымак — биринчи кезектеги маселе. Биз бул боюнча эки тараптуу иш алып барып жатабыз. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү Акрам Мадумаров маалымдады. Анын айтымында, Ак-Сай айылынын тургундарына мамлекеттик органдар кам көрүп жатат. Окуя болгон аймакка бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да барган. Мындан тышкары, коопсуздук маселеси жөнгө салынса, баары калыпка келерин кошумчалады.

— Азыр абал туруктуу. Эки тараптын жетекчилери жана күч органдарынын башчылары абалды талкуулап жатат. Президенттин тапшырмасы менен буга чейин бир топ маселелерди чечкенбиз, мындан ары да бардыгы көзөмөлдө болот. Тажикстандын Согди облусунун башчысы менен дайыма байланышта болуп жатабыз.

Баткен облустук Саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Борубековдун берген маалыматы боюнча, чек арадагы окуядан кийин медициналык жардамга муктаж 14 адам кайрылган. Алардын баарына тийиштүү жардамдар берилген. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган милиция кызматкери травматология бөлүмүнө которулган. Учурда жарадарлардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

— Бардык медицина кызматкерлери, «Тез жардам» кызматы  күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.  Дары-дармек жетиштүү. Ош облусунан кошумча беш дарыгер чакырылган. Ал эми Ак-Сай айылынан көчүрүлгөн 300дөн ашуун адамга медициналык пункт уюштурулуп, бир врач, бир медайым кызмат көрсөтүүдө. Бейтаптардын абалы жакшы, кооптуулук жана муктаждык жаралган жок.

Ушул убакытка чейин алынган маалыматтарда Ак-Сай айылында абал туруктуу экени айтылган. Антсе да, акыркы маалыматтарга караганда, ок атышуулар кайрадан уланып жатат. Мунун айынан кыргыз тараптан бир аскер адамы жана дагы бир жай тургун жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM