Биз менен байланышыңыз

Матрезерв быйыл дыйкандардан 11 тонна эгин сатып алат

Экономика | 22 Июл 2019 | 543 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстан азык-түлүк менен 75 % камсыз болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди. Ал маалымдагандай, бул көрсөткүчтү жыл аягына чейин 100 %га жеткирүү каралууда. Ошондой эле, былтыр, 2018-жылы фонд дыйкандардан 6 тонна буудай сатып алса, быйыл эки эсеге көп, тактап айтканда, 11 миң тонна буудай сатып алууну пландоодо.

Кыргызстан быйылкы жылдын эсебинен азык-түлүк жана дан азыктары менен жыл аягына чейин 100 % камсыз болот. Мындан сырткары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна эгин сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Каныбек Айдаров билдирди. 2018-жылы дыйкандардан 10 миң тонна буудай сатып алуу планга коюлуп, натыйжада 6 гана тонна сатып алынса, быйыл өкмөттүн тапшырмасы менен жергиликтүү дыйкандардан 11 тонна дан азыктарын сатып алуу токтому чыккан.

— 2014-жылдан тарта мыйзам боюнча бизге насыя берүүгө тыюу салынган, эми накталай акчага гана сатабыз. 2014-жылга чейин Фонддун карызы 1,5 млрд сомдон ашык болгон. 2018-жылы карыздын көлөмү 1 млрд 329 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата карыздын суммасы 850 млн сомду түздү. Тактап айтканда, бир жарым жылдын ичинде карызды 500 млн сомго кыскарттык.

«Өлкөдө кандай гана кырдаал болбосун, элди азык-түлүк менен камсыздоого даярбыз», — дейт Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов. Ошондой эле, бүгүнкү күндө аталган фонддун документтеринин 80 %ы кыргыз тилине которулганын кошумчалады.

Бул жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна эгин сатып алууну пландап жатат. Учурда Казакстандан 11 миң тонна эгин алынган, жергиликтүү дыйкандардан 15 миң тонна эгин сатып алуу каралууда.

Облустарда сакталган азык-түлүктөргө дыкат текшерүүлөр жүрүп турат. Андыктан, бул багытта быйыл эч кандай мүчүлүштүктөр болбойт. Мындай кепилдикти Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эсептөө жана текшерүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Давлетов берди. Анын айтымында, сакталуучу азыктар мөөнөтүнөн эч качан өтпөйт. Бардыгы өз убагында колдонууга берилет. 2014-жылга чейин мөөнөтү келген буудай дыйкандарга кредитке берилчү, учурда мындай жеңилдик жоюлган.

— Бүт облус, райондордо атайын кампалар бар. Ал жактагы өкүлдөр текшерүүнү дыкат жүргүзүшөт. Биз алардан отчет алып, атайын комиссия түзүп, лабораториялык анализ жүргүзүп, текшерүүдөн өткөрүп турабыз. Бул боюнча премьер-министрдин атайын буйругу да, токтому да чыккан. Учурда иштер жүрүп жатат. Ар дайым сапатка жана баага көзөмөл жүргүзүп турабыз.

Өлкөнү санариптештирүү жылынан Мамлекеттик материалдык резервдер фонду да артта калган жок. Алсак, «Түндүк» системасына туташтыруу 90 % бүтүп, учурда жаңы система менен иштөө жүрүп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар, сырткы байланыш жана стратегиялык анализ жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Наинбаев билдирди. Ошондой эле, Ички иштер министрлиги менен өз ара маалымат алмашуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлганы тууралуу да айтты.

— «Түндүк» системасына толугу менен киргенбиз. Бирок бүтпөгөн иштерибиз бар. Каржы министрлиги 10-15 күндүн ичинде каражат бөлөт. Тендер жарыялап, бардык иштерди санариптештиребиз. Биздин сайтка кирип, жасалган жана жасалып жаткан иштер боюнча толук маалымат алууга болот. Жабык эмес маалыматтардын бардыгы сайтта жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM