Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-корей бизнес-форумунда биринчи документке кол коюлду

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 398 | 0

Кыргыз-корей бизнес-форумунун алкагында кызматташуу боюнча биринчи документке кол коюлду.

Атап айтканда, Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттиги менен Кореянын «Кит строй» компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду. Документте гольф жана спа- клуб куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу каралган.

Мындан тышкары, Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттиги «Лэнд Грин Хаус» ЖЧКсы менен Кыргызстанда була-оптикалык кабель өндүрүүчү завод куруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Эске салсак, бизнес-форумга эки өлкөдөн болжол менен 240тай ишкер катышууда. Корея өкмөтү менен биргеликте ишкер чөйрөсүнүн алдыңкы өкүлдөрү келип, эки тарап кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулап жатышат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM