Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда боорго аутотрансплантациялык операция жасалды

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 465 | 0

Кыргыз дарыгерлери Борбор Азияда алгачкылардан болуп боорго аутотрансплантациялык операция жасашты. Мындай уникалдуу операцияны президенттин иш башкармалыгынын ооруканасынын дарыгерлери жүзөгө ашырды. Бул тууралуу мекеменин башкы хирургу Расул Султангазиев Kaktus.media маалымат булагына билдирген.

Анын айтымында, 38 жаштагы бейтаптын боорун алып, тазалап, кан тамыр протездерин улап кайра ордуна койгон.

Маалыматка ылайык, операция бир канча күн мурда болгон. Ал 14 саатка созулган. Боор 2 жарым сааттай убакыт организмдин сыртында болгон.

Оорулуу 21 күндө сакайып, ооруканадан чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM