Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Түштүк Кореянын медициналык буюмдарды өндүрүү заводунун филиалы ачылды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 327 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Түштүк Кореянын «Би Кей Медикеар» Медициналык буюмдарды өндүрүү заводунун Бишкектеги филиалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр компанияны куттуктап, өндүрүштү өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

«Бишкекте медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча цехтин ачылышы биздин өлкөнүн жана Кореянын ортосунда эки жактуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн жакшы башталыш болуп саналат», — деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, ата мекендик фармацевтикалык рынок импорттон көз каранды. Ал эми дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жылдык көлөмү 12 млрд сомду түзөт.

Вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, «Би Кей Медикеар» компаниясынын Евразия Экономикалык Биримдигинин фармацевтикалык рыногуна кирүүгө жакшы мүмкүнчүлүгү жана келечеги бар.

Кошумчалай кетсек, компания заманбап өндүрүштүк жабдуулардын негизинде жыл сайын ар түрдүү багыттагы 180 миллиондон ашуун медициналык пластырь өндүрүүнү пландаштырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM