Биз менен байланышыңыз

Балык чарбасынын багы ачылдыбы?

Экономика | 15 Июл 2019 | 160 | 0

Кыргызстанда акыркы жылдары балык чарбачылыгы кирешелүү тармакка айланып бараткандыгы тууралуу айтылып келет. Адистердин айтымында, өлкөдө жылына 2 жарым миң тоннага чейин балык сатыкка чыгарылат. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы «Балык чарбасы жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Өлкөбүздө балык чарбачылыгынын акыбалы кандай жана эмне маселелер бар? 

«Кыргыз форели» балык чарбасынын башчысы Жылдызбек Сыдыковдун айтымында, Өкмөт акыркы убактарда бул тармакка жакшы көңүл бура баштады. Антсе да, чечилбей келе жаткан маселелер дале көп. Маселен, салык төгүү жагынан жеңилдиктер каралганы менен насыя алууда кыйынчылыктар бар. Дагы бир жагдай, балык үчүн атайын жем биздин өлкөдө жок болгондуктан, Европадан алдырышат.

— Бир-эки жылдан бери коңшу Казакстанга, Орусияга балык сатабыз. Кардарларыбыз көп, тилекке каршы, алардын талаптарын аткара албай калып жатабыз. Анткени, көп өлчөмдө сурашат. Биз андай деңгээлге жете элекпиз, жылына 300 тоннага чейин балык өндүрөбүз. Көлмөлөрүбүз ушул өлчөмгө чейин эсептелген. Быйыл жыл башынан бери 120 тоннага жакын балык өндүрдүк.

«Кыргызстанда суунун запасы мол. Өкмөт тарабынан ишкерлерге колдоо көрсөтүлсө, балык чарбачылыгы мындан да өнүгүп, кирешелүү тармак болмок», — дейт балык чарбачылыгы менен шугулданган жеке ишкер Жамалбек Рысалиев. Анын айтымында, бул жаатта алектенген ишкерлер менен балык чарба департаментинин ортосунда тыгыз байланыш жок. Бирок, жылына бир-эки жолу тазалык жагын көзөмөлдөөрүн кошумчалап, буларга токтолду:

— Балыктын жемин атайын ушул иш менен шугулданган фирмалар Кореядан, Америкадан алып келишет. Алардын курамында балыкты тез өстүрүүчү витаминдер бар. Керек учурда алабыз. Бирок, мен муну аз колдоном. Көлмөдө чөп-чар, курт-кумурска жетиштүү. Кадимки эле жемди чачам. Атайын дары-дармек колдонбойм.

«Жайыт, мал чарба жана балык чарба» департаментинин жетектөөчү адиси Кыдыр Жунушалиевдин билдиришинче, өлкө боюнча 661 көлмө каттоодон өткөрүлүп, балык өстүрүүгө уруксат берилген. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы убакта жылына 2 жарым миң тоннага жакын балык сатыкка чыгарылып, экологиялык жактан тазалыгы менен суроо-талапка ээ. Аталган департамент Бириккен Улуттар Уюмунун «Азык-түлүк жана айыл чарба» программасынын жардамынын негизинде балык чарбачылыгы менен алектенгендерге ар кандай окутуулар өткөрүлүп жатат.

— Ишкерлер балык чарбасын ачардын алдында, биздин кызматкерлер барып текшерет. Көлмөдөгү суунун курамы, атайын шарттар талапка жооп берсе, уруксат беребиз. Бүгүнкү күндө бул тармак жанданып, биздин ишкерлер өстүргөн балыктар чет өлкөлөргө сатыкка чыгып жатат.

Эл өкүлү Исхак Масалиевдин пикиринде, балык чарбачылыгы акырындап өнүгүп жатат. Бирок, тыштан алынып келинген тез өсүүчү балыктар жана алардын жеми текшерүүгө алынбайт. Бул жарандардын саламаттыгына кооптуу. Ошол эле учурда, мамлекеттин карамагында турган суу сактагычтарды жана көлмөлөрдү жеке ишкерлерге ижарага берсе, балык чарбачылыгы бир топ өнүкмөк деген оюн айтат.

— Биринчи кезекте балык чарбасы менен алектенген ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берсе, абдан жакшы болмок. Мындан 4-5 жыл мурун мен дагы балык чарбасын түптөйүн деп насыя алып көргөм. Анын түйшүгү көп экен, кыска убакытка берет, кайтарып бергенге келгенде кыйналып каласың. Балык сен ойлогондой көбөйбөйт. Экинчиден, балык чарба департаменти ишкерлер менен такыр иштеше алган жок. Бириккен Улуттар Уюмунун «Азык-түлүк жана айыл чарба» программасы аркылуу берилген акчага лаборатория куруп, аны да бирөөгө берип коюп отурат.

Белгилей кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев балык чарбачылыгын колдоо максатында суу сактагычтарды жана табигый көлмөлөрдү ишкерлерге ижарага берип, сырттан кирүүчү балыктын тоюттарына бажы алымдары алынып салынарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM