Биз менен байланышыңыз

Президент статистика жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 13 Июл 2019 | 495 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мындай маалыматты президенттик аппараттан маалымдашты.

Аталган мыйзам ушул жылдын 29-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — Кыргызстандагы статистика жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу, аны Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы принциптерине толук дал келтирүү. Андан тышкары улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктун статистикага болгон ишенимин бекемдөөнү көздөйт.

«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошого байланыштуу 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамы күчүн жоготот.

Copyright © 2017 Maral FM