Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстандын өкмөт башчысын кабыл алды

Кыска кабар | 13 Июл 2019 | 639 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Анда мамлекет башчы Казакстан Кыргызстандын негизгичи өнөктөшү экенин белгилеп, ортодогу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү ниетин билдирди.

Аскар Мамин Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында экономикалык күн тартибинде турган көпчүлүк маселелер талкууланып, өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганын белгиледи.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүү 15 пайызга өстү. Бул жылы биз соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 $ млрд чейин жеткирүү максатын койдук», — деп баса белгиледи Аскар Мамин.

Кошумчалай кетсек, 12-июль күнү Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Бишкекке келген.

Copyright © 2017 Maral FM