Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Жарым жылда 173 адам куткарылды

Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 114 | 0

Акыркы 6 айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 173 жаранды куткарышты. Мындай маалыматты аталган министрликтен кабарлашты.

Ага ылайык, куткарылгандардын 70и жол кырсыгына кабылып, унаадан чыгарылгандар. Ал эми 46 адам өрттөнгөн имараттардан алынып чыгылса, 57 жаран ар кандай өзгөчө кырдаалда куткарылган.

Ал эми 2945 жаранга телефон аркылуу консультативдик жардам көрсөтүлгөн.

Жарым жылдын ичинде ар кандай өзгөчө кырдаалга байланыштуу 1039 жолу чыгуу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM