Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: Биздин дыйкандар биригиши керек, ошондо өсүү болот

Күн чекит | 11 Июл 2019 | 1336 | 0

«Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев дүйнөлүк масштабда тамак-аш жана косметика саткан «Nestlé» корпорациясы менен кызматташат. Ал аталган мекеменин өкүлчүлүгү менен болгон жолугушуу ийгиликтүү өткөнүн, алар Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирген болчу. Бул боюнча Тилек Токтогазиев менен «Марал» радиосунун «Күн чекит» программасында түз эфирде маек курганбыз.

— Тилек мырза, буга чейин башка өлкөдөн инвестиция алып келүүнү пландап жатканыңыз жөнүндө айттыңыз эле. Швецариянын «Nestlé» корпорациясы менен келишим түзүлүлгөн экен. Кандай болду? Келишим учурундагы жагдайларга кененирээк токтолсоңуз…

— Акыркы үч жумадан бери Европада жүрөм. Ал жактагы көптөгөн ишканалардын жетекчилери менен жолугуп, тажрыйба алмашуу болууда. Маселен, Германия жана Голландияда болдум. Андайын Швейцарияга барып, постумда жазгандай, «Nestlé» корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Албетте, оңойго турган жок. Анткени, бул ишкана менен жадагалса, интернет аркылуу да сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экен да. Бирок максатты койгондон кийин жетиш керек. Алгач мен аларга Кыргызстан тууралуу маалымдама көрсөттүм. Өлкөбүздүн дыйкандары тууралуу бардыгын ачык-айкын айттым. Сапаттуу жана даамдуу өндүрүм болуш үчүн, эмнелер керек? Албетте, күнөстүү өлкө, таза суу жана таза аба. Ушул үч нерсе болсо, дүйнөнүн мен-мен деген компаниялары иштеп чыккан азык-түлүктүн баарын басып кетүүгө болот. Мен аларга айттым, бизде ушул нерселердин бардыгы бар деп. Ал жактагы адамдардын арасында мурун Кыргызстанга келип кеткен өкүл бар экен. Ага да мен айтып берген көп нерселер маалым болду. Эми алгач алар изилдешет. Ошондон кийин гана так жооп угууга болот.

— Изилдөө иштери качан бүтөт? Убактысы бекитилдиби?

— Бул иштерде биринчи биз маалыматтарды беришибиз керек. Ошондо эффективдүү болот. Ошондуктан, мен альянс түздүм. Анда өлкөдөгү бардык дыйкандарды чогулатбыз. Мындай учурда ассоциация түзүп, биргеликте иш алып барбасак, эч кандай жыйынтык көрүнбөйт. А алардын иликтөөсү бир же эки айда бүтпөйт. Эки-үч жыл болуп калат го?..

— Тагыраагы, кайсы багытта кызматташуулар жүрөт? Кайсы өндүрүмдөр экспорттолот?

— Биз бир айдын ичинде өлкөдөгү өндүрүмдөрдү тактап, маалымат беребиз. Алар ошого жараша тандап алат. Мен күткөн боюнча, кулпунай, өрүк,  пияз, капуста ж.б. жашылча-жемиштер экспорттолот деп болжоп жатам.

— «Nestlé» корпорациясы менен айыл чарба багытында келишим түзгөн башка мамлекеттерге анализ жүргүзүп көрдүңүзбү?

— Бул корпорация менен келишим түзгөндүн өзү эле — чоң жеңиш. Башка коңшу мамлекеттер «Кыргызстан «Nestlé» корпорациясы менен келишим түзүптүр» дегенде эле, кызыкдар боло баштайт. Инвестициялар өзүлөрү менен өзүлөрү келет. «Бир нерсе ачып, ишкана иштетүүгө мүмкүн экен» деген ойлор пайда болот.

— Сиз жогоруда жалпы дыйкандарды чакырып өттүңүз. Алар кандай талаптарга жооп бериши керек?

-Ассоциацияга кириши керек. Алар  жөнүндө маалыматтарды чогултулуш керек. Буга чейин кайсы техника менен иштер жүрүп келгенин да билишибиз керек. Биргеликте иш баштап алып кетсек, алар үчүн да, биз үчүн да ийгиликтүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM