Биз менен байланышыңыз

Салык төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 682 | 0

Кыргызстандын жарандары ушул жылдын сентябрына чейин салыктарын төлөп бүтүүгө тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир (ишкердик үчүн пайдаланылбаган) жана жерге (чарбак, бакча) төлөнчү салыгын төгүүсү зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга — 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып, мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар — 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу же жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM