Биз менен байланышыңыз

Атамбаев кайрадан суракка чакырылды

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 572 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн, 10-июлда кайрадан Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө алып барып, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун колуна тапшырышты.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11-июлда саат 10.00гө күбө катары суракка чакырылган.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары Атамбаев  2-ирет чакырылып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM