Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин адвокаты ИИМге кат жолдоду

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 833 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин юридикалык маселелер боюнча өкүлү Сергей Слесарев тергөө органдарында мыйзам бузуу болгонун эскертип, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы, полковник Э. Ж. Аширходжаевге кат жолдогон. Кайрылуу каттын көчүрмөсүн КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Сергей Слесарев тиешелүү тарапка жолдогон катында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандыгы аткарууга жатпай тургандыгын жазып, барбай турган негиздерин санап берген:

  1. Конституциянын 28-беренесинде адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Анткени, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында «экс-президент» макамын «КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамда экс-президентти жоопко тартуу карала электе алган;
  2. 2019-жылдын 15-майында «КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» кабыл алынган мыйзамдын 9-пунктунда экс-президенттердин кол тийбестиги алынган эмес, экс-президент деген макам гана алынган;
  3. Конституциянын 74- беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин кол тийбестигин жана макамын ала албайт;

Ошондой эле катта Конституцияны бузбоого чакырып, Атамбаевдин айланасындагы абал укуктук талаага өткөндөн кийин кошумча маалымат берүүгө даяр экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM