Биз менен байланышыңыз

«Экологиялык таза азыктарды өндүрүүгө шарттар жакшы»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июл 2019 | 645 | 0

Өлкөдө дыйкандар эрте түшүм алууну көздөп, жер семирткичтерди өлчөмүнөн көп пайдаланып жатышат. Мындан улам, азык-түлүк кооптуулугу жаралууда. Бул тууралуу Борбор Азия багбандар ассоциациясынын төрагасы Алтынбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мөмө-жемиштерди органикалык түрдө өндүрө алат. Өлкөдө экологиялык таза азыктарды өндүрүү үчүн жакшы шарттар бар. Аны пайдалануу менен дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүн.

Жер семирткичтер өлчөмү менен колдонулса, азык-түлүк коопсуздугуна зыяны тийбейт.

«Элге туура маалымат жеткирүү максатында көчмө жыйындарды өткөрүп, багбанчылыктын жаңы ыкмасын, технологиясын сунуштап келе жатабыз. Борбор Азия багбандар биримдигин түптөп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, багбандар менен тажрыйба алмашып калдык. Мамлекет жергиликтүү айыл чарба азыктарын сатууда да кандайдыр бар колдоо көрсөтүүсү зарыл», — дейт Эргешов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM