Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 1518 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандыгы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына видеобилдирүү жарыялады.

Атамбаев журналисттердин «Милициянын чакыруусу боюнча эмне дейсиз?» — деген суроосуна,

«Милиция кандайдыр бир кагаздарды алып келиптир, мындан кийин дагы прокуратура алып келеби, милиция алып келеби, биз мындай кагаздарды укук коргоочум Сергей Слесаревге беребиз. Азыркы бийлик Конституцияны да, мыйзамды да — баарын бузган. Ошондуктан, биринчи бийлик укуктук талаага кайрылып барышы керек. Булар жөн эле оюндар», — деди Атамбаев.

Ошондой эле, ал эртең Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барбай тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери Кой-Ташка алып барган чакыруу кагазында Атамбаевдин 9-июлда Тергөө кызматына келүүсү жазылган.

Опубликовано Мирбек Айтикеев Понедельник, 8 июля 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM