Биз менен байланышыңыз

Президент расмий сапары менен Швейцарияга барат

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 1212 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-11-июль күндөрү расмий сапар менен Швейцарияга барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Расмий сапардын алкагында Швейцариянын президенти Уильям Маурер, Швейцария Федералдык жыйынынын улуттук кеңешинин төрайымы Марина Каробия Гушетти, Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Иорда менен жолугушуу өткөрүлөт.

«Негизги күн тартибине соода-экономикалык, банк чөйрөсүндө, перспективдүү секторлорго инвесторлорду тартуу, парламенттик демократияны куруу, эки тараптуу мамилени дагы жаңы деңгээлге көтөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр киргизилген. Негизинен 6 документке кол коюлары болжолдонууда. Алар экономика, финансы, туризм жана башка тармактарга багытталат», — дейт Сыдыков.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Кыргызстандын жана Швейцариянын бизнес коомунун өкүлдөрү менен биргеликте бизнес-форум өткөрүлөрү мерчемделүүдө. Бул иш-чара Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы соода-экономика жаатында артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Расмий иш сапар негизинен өз ара кызыкчылыкты жараткан түрдүү тармактагы кызматташтыкты тажрыйбалык негизде ишке ашырууга кошумча түрткү болот.

Ошондой эле, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Шейцарияга экспорттоо көлөмүн өстүрүү жана Швейцариянын тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүү шарттары да каралат.

Copyright © 2017 Maral FM